Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун алгачкы күнүндө кыргызстандык 7 спортчу медалга жетишти. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты жарыялады. Грек-рим күрөшү боюнча Нурсултан Ташболотов (58 кг) жана Рустам Рахматулаев (63 кг) алтын медалга ээ болушкан. Ал эми Азат Төлөбай уулу (42 кг), Адилет Таалайбеков (46 кг), Тынарбек Шаршенбеков (50 кг), Тынчтыкбек Абдыкеев (54 кг) жана Болотмырза Асанбеков (69 кг) коло медаль тагынышты. Эске сала кетсек, мелдеш 25-июлдан 28-июлга чейин уланмакчы.