Ош шаарында белгисиз жарандар тарабынан талкаланып, биринчи банкоматтан 900 миң сом, экинчисинен 1 жарым миллион сомду уурдаган шектүүлөр кармала элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБинин басма сөз катчысы билдирди.
Маалымат катчынын айтымында учурда шектүүлөрдү кармоо аракеттери жүрүп жатат. Атайын кызматкерлер тыгыз иштешүүдө.
Буга чейин Ош облусунун Араван районундагы банктардын биринде жайгашкан банкомат тонолуп, ичиндеги 900 миң сом акчасы уурдалганы белгилүү болгон. Ал эми ушундай эле окуя Ошто шаарында дагы бир коммерциялык банктардын биринде болуп, анда банкоматы талкаланып, болжолдуу 1 жарым миллион сомдой акча уурдалган.