
Орусиянын түндүк-батыш тарабында жайгашкан Магадан шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген баланы баккандыгы үчүн жөлөк пул жана баланын майыптыгы үчүн акча алуу максатында бакма баласын 7 жыл ачка кармаган аял 6 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалымат Орусиянын тергөө комитетинин сайтында жайгаштырылды.
Маалыматка ылайык, Магадан шаарынын тургуну ден соолугунун мумкүнчүлүгү чектелген бакма баласын баккандыгы жана анын майыптыгы үчүн социалдык төлөмдөрдү алып келген.
"Баланын абалы начарлап ага майыптык берилип, өгөй энесине социалдык төлөмдөр төлөнүп келген. Бала айыгып кетпеши үчүн айыпталуучу ага 7 жыл бою дары-дармек берип, анын абалын өзгөртпөөгө болгон аракетин жумшаган. Акыркы жолу дарыгерге барган учурда бала тажрыйбалуу дарыгерге туш болуп, ал баланы көрүп шектенген. Тиешелүү текшерүүлөрдөн кийин бала бул абалга көп жыл бою ачка жүргөндүктөн келгенин аныктаган. Дарыгер энесин сыртка чыгарып, бала менен сырдашканда ал апасынын мамилеси тууралуу айтып берген. Бул тууралуу тиешелүү органдарга маалымат берилип, иликтөө иштери башталган. 11 жаштагы баланын салмагы 3 жаштагы баланыкы менен тең - 11 килограмм экени да белгилүү болгон. Жети жыл аралыгында баланын энеси 4 миллион рублдан ашык социалдык төлөмдөрдү алган. Ага карата 3 берене менен кылмыш иши козголуп, сот аны 6 жылга эркинен ажыраткан. Учурда бала башка үй-бүлөгө берилип, жакшы шарттар түзүлүп берилди. Ал энесинен алынгандан бери 5 килограмм салмак кошуп, бою да 5 сантиметрге өскөн", - деп айтылат маалыматта.