Сауд Арабияда өткөн 2 апта: 90 өлкө катышкан "Көчмөндөр ааламы" фестивалындагы 2 миң өкүлдүн миңи Кыргыз жеринен барды (фоторепортаж)

Буга чейин айтылгандай, Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарына жакын жерде өткөн "Көчмөндөр ааламы" аталышындагы иш-чарага кыргыздардан миңдей адам катышты. Алар спортчулар, маданият өкүлдөрү. Саамалык 9-мартта башталган. 19-мартта иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү жыйынтыкталды. SUPER.KG порталы эл аралык фестивалда өлкөнүн маданият өкүлдөрү тартуулаган номерлерди топтоду. Маалыматтар Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясынын маалымат кызматынан алынды.
9-мартта
Сауд Арабиянын биринчи падышасы Салман ибн Абдул Азиз Аль Сауддун ысымынан коюлган “CAMEL FESTIVAL” саамалыгынын алкагында өтө турган "Көчмөндөр ааламы" фестивалынын ачылышы болду. Фестивалдын максаты улуттардын жана этникалык топтордун маданий баалуулуктарын даңазалоо, жайылтуу жана өнүктүрүү. Бул жылы иш-чарага дүйнөнүн 90го жакын өлкөсүнөн спортчулар, маданият өкүлдөр келишкен.
10-мартта
Мас-рестлинг боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиондугу өтүп, ага 41 өлкөнүн спортчулары катышты. Анда украиналык Олег Сылка чемпион болду. Кыргыз спортчусу Келдибек Атайбек уулу 41 катышуучунун ичинен 5-орунга татыды.
11-мартта
Кол күрөш боюнча мелдеш өттү. Ага 16 өлкөдөн 16 спортчу катышып, жеңүүчүлөр диплом, акчалай жана тотем менен сыйланды.

Сол жана оң кол боюнча байге ээлери:

1-орун. Сашо Андреев - Болгария

2-орун. Дениел Прокопчук - Молдова

3-орун. Фирдавс Гафуров - Өзбекстан.

12-мартта

Алыш боюнча мелдеш орун алып, ал классикалык стилде өттү. Ага 35 өлкөнүн спортчулары катышып, Кыргыз күрөшчүсү Камолиддин Абдурахимов 3-орунду ээледи.

13-мартта

Ссирым боюнча мелдеш өтүп, ага 21 өлкөнүн күрөшчүлөрү катышты. Ссирым кореянын улуттук күрөшүнүн түрү болгондуктан 1-орунду Корея, 2-орунду Монголия, 3-орунду Түркмөнстан ээледи.

Кыргыз сүрөтчүсүнүн мык менен жиптен тартылган 8 портрети көрсөтүлдү

Сүрөтчү Азамат Жаналиевдин эмгегинен жаралган 8 даана портрет фестивалга келгендердин көңүлүн бурду. Сауд Арабиянын падышалык династиясын жана символдорун камтыган сүрөт коллекциясы 7 падыша жана бир ханзааданын портретинен турат. Булгаарыга 48 миң даана мык колдонулуп, 16 миң метр жип менен тартылган.

Ачык асман алдындагы кинотеатрда Кыргыздын 15 тасмасы көрсөтүлдү

Moviestan – бул ачык асман алдындагы кинотеатр. Ал жерге келгендер дүйнө элдеринин көркөм, документалдык жанрда тартылган кыска метраждуу фильмдерин көрө алышат. Moviestan'га катышуу үчүн 79 өлкөдөн арыз түшүп, жалпы 760 фильм көрсөтүлдү. Тасмалар араб жана англис тилиндеги титр менен коштолду. Кыргыз өлкөсү 10 мүнөттөн 36 мүнөткө чейинки 15 фильмди тартуулаган.

"Манас" эпосунан алынган театрлаштырылган көрсөтүүнү 67 актёр койду

Режиссёр Нурлан Асанбековдун "Көчмөндүн көлөкөсү" деп аталган театрлаштырылган көрсөтүүсү коюлду. Ал "Манас" эпосунун жаралышынан баштап көрсөтүлүп, соңунда манасчы Самат Көчөрбаевдин эпостон үзүндү айтуусу менен аяктады. Теарлаштырылган көрсөтүүгө жалпы 67 адам катышып, көрүүчүлөр чоң кызыгуу артышты.

Аркан тартышта Кыргыз курамасы 1-орунду ээледи

17-мартта аталган фестивалдын алкагында аркан тартыш оюну өтүп ага 9 өлкөнүн балбандары катышты. Анда бир-бирден, төрт-төрттөн жана сегиз адамдан турган командалардын аркан тартышы болду. Бир-бирден аркан тартышта украиналык Олег Силка 1-орунду алды. Төрт адамдан турган командалардын аркан тартышында Кыргыз өлкөсүнүн жигиттери 1-орунга татыды. 8 адамдан турган командалык беттеште да Кыргыз жигиттери 1-орунду алды.

Тогуз коргоол боюнча эркектер арасында жана аялдар арасында да өткөн мелдештен кыргыздар жеңди

Бул мелдешке 35 өлкөдөн 59 спортчу катышты. Анда эркектер арасында өткөн тогуз коргоолдо кыргыз спортчусу Анарбек Жамакеев 1-орунду ээледи. Кыргыз кызы Айзада Бактыбекова да башка атаандаштарын астына чыгарбай, жеңүүчү аталды.

Жабылыш аземинде да Кыргыз маданияты дүйнөгө көрсөтүлдү

19-мартта дүйнөнүн 2 миңден ашык спортчулары, маданият өкүлдөрү катышкан фестиваль жыйынтыкталды. Анын ичинен миңдей өкүл эле Кыргыз жеринен барган. Жыйынтыктоо аземинде чоң даярдык менен коштолгон шоу көрсөтүлдү. Анда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын, Кыргыз улуттук консерваториянын, "Камбаркан", "Улуу көч", "Арашан", "Аура" фольклордук-этнографиялык ансамблдердин, "Ак-Марал", "Шаттык" бий топторунун артисттери даярдаган номерлери көрсөтүлдү. Мындан тышкары Кыргыз өлкөсүнүн бир катар театр өкүлдөрү, цирктин артисттери, төкмө акындар, "Салбуурундун" мүчөлөрү, каскадерлор өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чараны өткөрүү үчүн 15 гектар аянтка Этно шаарча курулуп, ат оюндары, бүркүт салуу, жаа атуу жана башка көчмөндөргө тиешелүү оюндарды өткөрүүгө бардык шарттар каралды. Эң көп өкүл Кыргыз жеринен баргандыктан боз үйлөр тигилип, кыргыздын кол өнөрчүлүгүнөн тартып, улуттук тамак-аштарынан бери тааныштырылды.

Жаңы уюм түзүлүп, Асхат Акибаев биринчи вице-президент болуп шайланды

21-мартта Этно оюндардын бүткүл дүйнөлүк конфедерациясынын президенти Асхат Акибаев жаңы "International Camel Organization" уюмунун биринчи вице-президенти болуп шайланды. Аталган жаңы уюмдун максаты маданиятты, төө багууну сактап калуу жана өнүктүрүү, билим, айыл чарба, спорт тармагында эл аралык мамилени чыңдоо. Уюмду түзүүгө 36 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, жыйын Эр-Рияд шаарында өттү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mamiev
2019-03-22 18:27:14
Көчүп эле барыптырбыз да э. Жакшы жактарыбызды көрсөтүү менен жаман жактарын да көрсөтүп келишти.
+4
elchi84
2019-03-22 18:27:56
Жакшы кабар.
+3
kama_future_millioner
2019-03-22 19:02:33
Кыргызстаным алга
+3
Tolkun555
2019-03-23 10:31:27
Азаматсын Кыргыз.Кочмондор оюнун откоруп дуйного таанылдык.Мен сыймыктанам.Ална Кыргыз.
+1
Tolkun555
2019-03-23 10:40:00
Биз Арабдарды Кыргыздаштырып келипбиз да.Азаматсынар.
+1
Mavlyuda
2019-03-23 15:41:45
Жалпысынан биздикилер канчанчы орунду ээлептир. Саны бар сапаты жок болгон окшойт го
-1
my_Opinion
2019-03-23 18:45:10
Молодцы )
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан