Якутиядагы мигранттарды текшерүү күчөтүлөт

Саха Республикасындагы (Якутия) мигранттарды текшерүү күчөтүлөт. Бул тууралуу республиканын ички иштер министри Владимир Прокопенко 19-мартта Кыргыз өлкөсүнүн Миграция кызматынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуу учурунда айтканын мекеменин расмий сайты жарыялады.

Маалым болгондой, миграциялык мыйзамдарга ылайык Саханын аймагында жүргүнчүлөрдү ташыган жана мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндөр текшерилет.

"Мигранттар тарабынан жасалган бардык кылмыш иштери өзгөчө көзөмөлдө болот. Бардык полиция бөлүмдөрүнө тийиштүү органдар менен бирге миграциялык мыйзамдарга ылайык жүргүнчүлөрдү ташыган жана мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндөрдү кошумча күчөтүлгөн тартипте текшерүү боюнча тапшырмалар берилди", - деди Прокопенко.

17-март күнү кечинде Якутск шаарынын 200дөй тургуну Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы митингге чыгышкан. Буга жергиликтүү тургунду Борбор Азиядан келген 3 адам күч колдонуу менен унаага салып кетип зордуктаганы тууралуу маалымат түрткү болгон.

Якутск шаарынын тергөө кызматы зордуктоо фактысы болгонун тастыктап, шектүү катары кармалгандардын бири Кыргыз жеринен барган адам экенин жана күнөөсүн моюнуна алганын кабарлаган. Ал эми дагы 2 адам кылмыш ишине тиешеси бар же жогу аныкталып жатканы айтылган.

Учурда расмий маалыматтар боюнча Орусиянын аймагында 640 миңдей Кыргыз жараны бар болсо, анын 10 миңден ашыгы Саха Республикасынын аймагында иштеп жүрүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Skarlett-Skarlett
2019-03-20 12:15:45
Оо,Аллах!Биздин мамлекет да онугуп,элибиз тентибей калса экен((((
+11
senchi
2019-03-20 12:24:34
ХХХХ баарын ХХХХ,жазалап олтурбай эле ошол ХХХХ салсын. Шапалактай эт үчүн бүт мигранттарга зыян тийгизди. ХХХХ
+3
Dembele84
2019-03-20 12:27:48
Туура кылат,депорт кылып айдаш керек,не законно жургондорду !!!
-6
gute
2019-03-20 12:36:04
Dembele84, Жакшы жашоонун айынан ошол жакта журушот дейсинби? Айдаш керек деп алар сага мал беле? Озунчо эле отуруп алып умник боло бербе тууганым. Баардыгы эле законно жургусу келет. Документ жазаткандарга берип алар алдап законно жазап берем деп кийин анан алардын документтери фальшивый чыгат Ошентип нелегальный болуп калат. Ошол жактан деле кыргыздар бири-бирин алдап журушот
+10
gute
2019-03-20 12:30:33
Бир адамдын айынан канча жердештерибиз зыянын тартып жатат. Ошол кызды зордуктагандар турмодон ХХХХ чыкпай калса экен. Турмодогулор ХХХХХ
+4
Gulnyr19
2019-03-20 12:43:03
Бир эле Якутия эмес баардык жерде эле башталган окшойт кечээ магазиндерди ФМС басты дейт рейд бащталыптыр
+1
Shakek
2019-03-20 13:20:17
Ботон жерде жургондо ХХХХХ эле иштеп журбойбу ХХХХ эми башкаларга зыян тийбесе экен
+2
Bars88
2019-03-20 14:21:18
Путиндин эле политикасы болуш керек.Жээнбеков менен жолукканда бир нерсе болгон окшойт.Болбосо буга окшогондор канча жолу болуп атат
-5
Simels
2019-03-20 15:09:35
Bars88, Кулкуну келтиресинго. Кененирээк ой жугуртолучу озубуздун кунообузду моюнга алыш керек Путинди куноолобой))
+3
Bars88
2019-03-20 17:47:06
Simels,Сен билбегенден кийин кысда.Качантан бери эле болуп келген по нерсе
-2
katerina.li
2019-03-20 15:12:26
Путинди куноологучо бир жеринерди ХХХХХ журсонор эркектер
+4
nazi25
2019-03-20 15:34:14
Якутиядан кетип эле калгылачы кыргызым
+2
patiydin
2019-03-20 15:56:06
Бул жерде "козел отпущения" болду окшойт. Болбосо бардык эле жерде мындай корунуш болуп жатат гоооо.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан