Миграция кызматынын өкүлдөрү Якутск шаарында зордуктоого шектелип кармалган Кыргыз жараны менен жолугушту

Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов 19-мартта Якутск шаарында зордуктоого шектелип кармалган 24 жаштагы Кыргыз жараны Ж.К.уулу. менен жолугушту. Бул тууралуу миграция кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, Ж.К.уулу убактылуу кармоочу жайда ага эч ким кысым көрсөтпөгөнүн билдирген. Учурда ага жактоочу, котормочу берилди.

17-март күнү кечинде Якутск шаарынын 200дөй тургуну Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы митингге чыгышкан. Буга жергиликтүү тургунду Борбор Азиядан келген 3 адам күч колдонуу менен унаага салып кетип зордуктаганы тууралуу маалымат түрткү болгон.

Якутск шаарынын тергөө кызматы зордуктоо фактысы болгонун тастыктап, шектүү катары кармалгандардын ичинен Ж.К.уулу күнөөсүн моюнуна алганын кабарлаган. Андан кийин шектүү шаардык соттун чечими менен камакка алынган. Ал эми дагы 2 адам кылмыш ишине тиешеси бар же жогу аныкталып жатканы айтылган.

Учурда расмий маалыматтар боюнча Орусиянын аймагында 640 миңдей Кыргыз жараны бар болсо, анын 10 миңден ашыгы Саха Республикасынын аймагында иштеп жүрүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
senchi
2019-03-20 16:28:45
Эмне болгонун билип анан жазгылачы
+6
Mr.enriiko
2019-03-20 17:26:14
Ошону жазсанар эмне болгонун анан тема коюп жолугушканын го мейли результат, может каралоо болуп жатат,окуя кандай болгонун айтышпайбы. Может биякта политика ойноп кетти, или балдардын бейбаштыгы, тарбия корбоштугу. Ошону жазсанар?!
+7
Kubat77
2019-03-20 19:34:41
Жолугулту анан эмнедеп суйлошту кызык ушул супер kg
+2
Dembele84
2019-03-20 20:07:10
Жолугуп эн жакшы нерселерди суйлошту деп туруп точка коюп и комментарийди жаап салбапсынар бир жолу )))Так маалымат жок эмнеге жазышат билбейм,адамдын башын айландырып...
+6
nurbek11
2019-03-20 22:53:00
Ал жердеки суйлошуулор секретный болуп эч кимге айтылган жок. Жолуккан адамдар тийиштуу кишилер менен суйлошот бул теманы.
0
Aijan2905
2019-03-22 08:32:57
Котормочу да берилген болсо орусчаны так билбеген бала окшойт. Жактоочу менен котормочунун акчаларын биздин окмот тологонго жардам береби, алар кымбат болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан