Орусиянын Ульяновск шаарында 10 жаштагы кызды зордуктоого шектелип мектептин кароолчусу кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, мурда соттолуп, мектепте кароолчу болуп иштеп келген 54 жаштагы адам 10 жаштагы кызды батирине алып келип зордуктаган.
"Окуя 18-мартта болгон. Бул тууралуу жабырлануучу кыз ата-энесине айтып берген. Кийин алар арыз менен полицияга кайрылышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Мурда соттолгон адамды жумушка алган мектептин жетекчилигине да юридикалык баа берилет. Мындан сырткары шаар ичиндеги мектептердин кароолчуларын ишке орноштурган ишканалар текшерилет", - деп айтылат маалыматта.