Италияда мектептин 51 окуучусун алып бараткан айдоочу автобусту өрттөп, 12 бала ооруканага түштү. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 20-мартта Милан шаарынын четинде орун алган. Анда мектеп окуучуларын ташыган 47 жаштагы Усэйну Су аттуу айдоочу жолдон автобусту башка жолго салып, Линат аэропортун көздөй айдаган. Мектеп окуучуларынын бири апасына чалып бул тууралуу билдирүүгө жетишкен. Жолдон айдоочуну полиция кызматкерлери токтоткон учурда ал качууга аракет кылып автобус жолдун ортосундагы тосмону сүзүп токтогон.
"Автобустун ичине бензин төгүлүп, кылмышка шектүү өрт коюуга жетишкен. Тиешелүү органдардын кызматкерлери балдарды өз убагында сыртка чыгарууга жетишкен. 14 адам, анын ичинен 12 бала түтүнгө ууланып ооруканага жеткирилген. Балдар менен психологдор иш алып барууда.
Айдоочу кармалып, ал мындан 15 жыл мурун Италиянын жарандыгын алганы маалымдалды. Күбөлөр айдоочу автобусту өрттөп жатканда "Жер ортолук деңизде өлүмдөр токтошу керек!" деп кыйкырган деп билдиришкен", - деп айтылат маалыматта.