Ош шаарында май куюучу жайдан чыккан өрттөн жаракат алган 3 адамдын бири жандандыруу бөлүмүндө жатат

Кечээ, 20-мартта Ош шаарынын Курманжан датка кичи районундагы май куюучу жайдан өрт чыккан. Кырсык саат 20:16да болгонун ӨКМдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, өрт чыккан "Юго-Восток" май куюучу жайы көп кабаттуу үйдүн жанында жайгашкан.

"Өрттүн кесепетинен 3 адам күйүк жаракат алышкан, 1960-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек адамдын абалы оор, Ош шаарындагы облустар аралык клиникалык ооруканасында жатат. 1983-жылы туулган А.у.А. аттуу эркек адам Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 1990-жылы туулган К.у.К. аттуу эркек адам жаракат алып, Ош шаарындагы облустар аралык ооруканасына жаткырылган.

Жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, өрт өчүрүү штаб, Ош шаардык ӨКМнын башкармалыгынан ыкчам топ, куткаруучулар барышкан. Өрт саат 22:10до чектөөгө алынып өчүрүлгөн. Келтирилген чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
asman.81
2019-03-21 10:26:50
Ошто архитектура курулуш башкармалыгы кабат уйлордун жанына ,каалаган жерине уруксат бере берет,Корунгон жерде самтыратып ар нерсе салыша берип бардак болуп кетти.Мэр азыркы кундо алгылыктуу иш аракнттерди жургузуудо.Ушуга окшогон мыйсамсыз курулуштарды,заправкаларды кылдат текшеруудон откорушун суранат элек.!!!Ош мэриясындагы Семетеев да оз ишин так аткара албайт.Шаардын коопсуздугун,көркун,биринчи орунга койгон жетекчилерди коюшунунуздарды шаар тургундары зарыгып кутуудо.
+4
asman.81
2019-03-21 10:28:32
Жакшы убагында очуруп калышыптыр,эгерде кабат уйлорго да орт откондо ал жерде канча уй було жашайт,Кыргызым кырсыктан сырткары бололу!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан