Оюндан от чыгып... Өзгөндө иниси 14 жаштагы агасын капыстан атып алып, ал каза болду

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ийри-Суу айылында бир туугандар мылтык менен ойноп жатып, иниси агасын капыстан атып алды. Бул туралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 20-март күнү 14 жана 12 жаштагы бир туугандар ойноп жаткан учурда болгон. Алар 21 жаштагы агасынын ок атуучу мылтыгын алып ойноп жатышкан убакта мылтык атылып кетип, ок 14 жаштагы баланын башына тийген.

"Алган жаракатынан улам өспүрүм ооруканага жетпей каза болгон. Окуя боюнча Өзгөн РИИБинин ыкчам-тергөө тобу чыгышып, далил буюм катары мылтык табылып, ок атуучу куралдын сактоо эрежеси бузулгандыгы жана мыйзамдуулугу боюнча текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө. Топтолгон материалдар тергөө ишине тиркелип, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shekeev969798
2019-03-21 13:51:58
Жаман болуптур ок атуучу куралды кармаган сактоонун эрежесин сактабаганы учун, ошол куралдын эээсин камаш керек
+3
Skarlett-Skarlett
2019-03-21 15:22:33
Жаман иш болуптур,куралдын эмне кереги бар эле куралдын((((
+1
aliya-leyla
2019-03-21 18:27:04
Skarlett-Skarlett,мал караганга керек. Бирок сактоо талаптарын жакшы аткарган эмес. Ал балдар ала ала турган жерге койбош кк эле. Октоп да коюптур тем более. Байкуш бала омур бою озун агасынын олумуно кунолуу сезип отот экен да. Психологго кайрылышса жакшы эле. Бирок бизде психологго кайрылбайт да
+5
Kuba-savai87
2019-03-21 18:36:57
Ото окунучтуу 3 бир туугандар бири Корго,бири турмоого,бири кылмышкер тооба кылдым ата энесине сабыр
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан