Ошто кооптуу аймакта жашаган 33 үй-бүлөгө көчүп кетүү боюнча эскертүү берилди

Кара-Суу районундагы Папан, Кашкар-Кыштак жана Нариман айыл аймактарындагы жер көчкү коркунучу бар жерде жашаган 33 үй-бүлөгө көчүп кетүү боюнча эскертүү берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, аларга коопсуз жерлерден жер тилкеси жана мамлекет тарабынан жеңилдетилген түрдө акча берилген.

Аталган министрликтин кызматкерлери ар бир үй-бүлөгө туугандарынын үйүнө же башка коопсуз имараттарга көчүүнү сунуштап, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Ошондой эле кандайдыр бир жер көчкү белгилери байкалса же буга чейин болгон эски жер көчкүлөрдө өзгөрүүлөр болсо ӨКМнын кызматкерлерине маалымат берүү жагы да эскертилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_I
2019-03-22 08:19:19
Жеңилдетилген акчанын пайызы канча ? Тагыраак жазсаңар болобу ?
Өкмөттүн "доступное жилье" деген программасы 2 эсе кымбат болур чыкты эле.
+1
admin_portal
2019-03-22 10:38:24
Rifle_I, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан