"Дордой Плазадан" тиричилик техникасын сатып алган жубайлар Париждеги Диснейлендге жолдомо утуп алышты

"Дордой Плаза" соода борбору Нооруз майрамын утурлай кардарлары үчүн сыйлуу белектерди ойнотуп, майрамдык маанай тартуулады. 21-мартта "Диснейлендге Дордой Плаза менен!" ураанынын астында жүздөгөн сатып алуучулардын бүйүрүн кызыткан акциянын жыйынтыгы чыгарылды.

Акция 2018-жылдын 21-декабрында башталган. Бүгүнкү күнгө чейин аталган соода борбордон 5 миң сом суммасында соода кылган кардарларга купон берилген. 5 миң сомдук чек үчүн 1 купон берилери айтылган болсо, белектер ойнотулуп жаткан аянтта колуна ондогон купондорду кармап турган кардарлар болду.

Алып баруучу Актан Рыскелдиев кичинекей кыздардын жардамы менен оюн ойнотуп, жеңүүчүлөр белектерге ээ болуп жатышты. Эреже боюнча баалуу белектер ойнотулуп жаткан учурда купондун ээлери келиши керек эле. Ондогон кардарлар сыйлык ойнотулуп жаткан жерге келбей калышканы үчүн мүмкүнчүлүктөрүнөн кол жууп калышты.

Алып баруучу номерди айтып баштаганда эле катышуучулардын "эхх..." деген деми угулуп турду. Алгач 10 катышуучу 10 миң сомдук сертификатка ээ болушту. Айрымдар сыйлык утуп алганда ийгиликтүү купонду 10дон ашуун купондун арасынан издеп жатышкан болсо, бир эле купон менен ийгилик жылмайгандар да кездешти.

Алардын бири Дмитрий Ломахин "Белек утабыз деп күткөн эмеспиз. Аябай толкунданып турам. Жубайыма 8-Мартка белек алган элем, кошумча купон берилди. Бул сертификатты да жубайыма берем", - деди ал. Дмитрий Ломахиндин жубайы Ксения да кубанычын жашырган жок. Ал "8-Мартта белекке алган атыр жолдуу болду" деп белгиледи.

Акция ачык-айкын болушу үчүн эл арасынан атайын байкоочулар да көз салып турушту. Акчалай сертификаттардан кийин 2 кир жуугуч машина жана 2 плазмалык телевизор ойнотулуп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Саамалыктагы толкунданткан учур баш байге Диснейлендге жолдомонун ойнотулушу болду. Акциядагы маанилүү купондун номери айтылып, жолдомонун ээлери табылды. Алар Бишкек шаарында жашаган жубайлар Акылбек Мергазиев менен Жылдыз Айталиева. Жолдомо утуп алган үй-бүлө алгач нес абалда болду. Андан соң Жылдыз Айталиева утушка ээ болгондогу сезимдери менен бөлүштү.

"Дордой плазадан" тиричилик техникаларын алган элек. Белек утсак деген үмүтүбүз болгон, бирок баш байге утабыз деп ойлогон эмеспиз. Биз 16 купон алганбыз. Алгач башка белектерди утпай жатканда кыжаалат болдук. Диснейлендди эми үй-бүлөбүз менен карап чыгабыз, үч балабыз бар. Ойногула уткула", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан