Орусияда жүргөн Кыргыз жарандарына миграциялык мунапыс жарыялоо чечими кабыл алынды

Орусиянын аймагында жүргөн Кыргыз жарандарына миграциялык мунапыс жарыялоо чечими кабыл алынды. Мындай маалыматты Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, мындай чечим Орусия президенти Владимир Путиндин Кыргыз жерине жасалчу расмий иш сапарына карата жана мамлекет башчылардын деңгээлинде жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды.

"Мунапыс мезгилинде миграциялык мыйзам бузуулары менен жүргөн жарандар 22-апрелге чейин эч кандай тоскоолдуксуз чыгууга жана кайра каалаган учурда административдик жоопко тартылбастан кирүүгө болот. Бул маалымат 21-мартта элчиликтин делегациясы менен Орусиянын ИИМинин миграция маселеси боюнча башкы башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казакова менен жолугушууда берилди", - деп кабарлашты элчиликтен.

Элчилик миграциялык майда мыйзам бузуулары бар жарандарды жогоруда белгиленген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып алууга чакырат.

Толук маалымат алуу үчүн элчиликтин + 925 103 29 11 номуруна чалсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Bekboloooot
2019-03-21 23:48:14
жакшы жанылыктардын бири!

+8
Rifle_I
2019-03-22 08:14:19
Кыргыздарга поблажка деп орустар макул боло берет экен да ? Же артында башка чоңураак талаптары барбы ?
"Кыргыз" деген улутту кайра жакшы жагынан көрсөтүш керек. Атыбызды булгап салды тез эле якуттар менен жатам деп.
+9
ALATOOLUK.JIGIT
2019-03-22 08:54:51
Мен 4 жыл алдын депорт болгом,бир жыл убакыт бар буторуно. Билгендер айтсаныздар,бул мунапыстын мага пайдасы барбы?
+2
Skarlett-Skarlett
2019-03-22 10:53:09
ALATOOLUK.JIGIT,Тууганым,Аллахым колдосун сизди.Балким пайдасы тийип калаар,аракет кылып корунуз.
+2
Malik92
2019-03-22 11:21:43
ALATOOLUK.JIGIT,
Ассаламу алейкум туугандар мага Ватсаптан жазыңыз +79955924289 текшерип берем.
+1
Elaman_Arypov
2019-03-22 13:30:50
Орусияны Кыргыздар онуктуруп жатат да
+3
Dastanwanted
2019-03-22 16:37:46
ээ Туугандар Жакында Путин келген жатат ошого карата анткени Ысык колдун Тон Районунан уран чыкан атат. ошол Уранды Россия чыгарган атат. эл которулбош учун Элди Бизди алдап атышат. ошол учун тондун да Акимин алмаштырды элди кондурбойсун деп
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан