Кытайда химиялык заводдогу жарылуудан 44 адам каза болуп, 90 адам жабыркады. Өчүрүүгө 192 өрт өчүрүү унаасы чыккан

Кытайда химиялык заводдо жарылуу болуп 44 адам каза болуп, 90 адам жабыркады. Өрттү өчүрүүгө 192 өрт өчүрүүчү унаа тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жарылуу Кытайдын күн чыгыш тарабында жайгашкан Яньчэн шаарындагы химиялык заводдо орун алган. Натыйжада 44 адам каза болуп, 90 киши жабыркады.

"Шаар мэри Цао Лубао билдиргендей, жабыркаган 90 адамдын ичинен 32 адамдын абалы өтө оор, ал эми 58и ар түрдүү оор жаракаттарды алган. Өрттү өчүрүүгө 192 өрт өчүрүүчү унаа жана жакынкы шаарлардан 930 аскер кызматкери чыккан. Жарылуу катуу болгондуктан өлкөнүн сейсмологиялык башкармалыгы билдиргендей, заводдун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталып, заводдон 5 чакырымга чейинки имараттардын айнектери күбүлүп калган. Буга чейин да заводго экологиялык нормаларды бузгандыгы үчүн 6 жолу айып пул салынган. Учурда химиялык завод тиешелүү болгон компаниянын башкы директору да жабыркап ооруканада экени маалым. Аны аскер кызматкерлери кайтарууда, андан сырткары компаниянын дагы бир нече кызматкери камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KyrgyzstanBishkek
2019-03-22 10:25:45
Буларда жашоо,иштоо шарты ото оор.Биз кудайга шугур дешибиз керек.Алар ошон учун да башка элдердин жерине жашоона кызыгышат да.
0
admin_portal
2019-03-22 13:55:59
Flowhive, улут аралык келишпестиктерди жаратуучу билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан