Экс-депутат Равшан Жээнбековдун атасы Бабырбек Жээнбеков каза болду

Бүгүн, 22-мартта экс-депутат Равшан Жээнбековдун атасы, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Бабырбек Жээнбеков 68 жашында көпкө созулган оорудан каза болду.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 23-мартта саат 10до Бишкек шаарындагы үйүндө өтөт. Равшан Жээнбеков 2017-жылы декабрь айында Түркияда атасы Бабырбек Жээнбековго операция жасалганын социалдык түйүндөгү баракчасына жазган.

Бабырбек Жээнбеков 1951-жылы 1-сентябрда Талас облусунун Манас районуна караштуу Арал айылында туулган. Ал 1977-жылы СССР 50-жылдыгынын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

1977-1978-жылдары Нарын шаардык прокуратурасында стажёр;

1978-1980-жылдары Кыргыз ССР Ички иштер министрлигинде;

1980-1983-жылдары Талас облустук аткаруу комитетинин юстиция бөлүмүндө кеңешчи;

1983-1987-жылдары Кыргыз керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо биримдигинде кеңешчи;

1988-1990-жылдары Фрунзе шаарынын соода-сатык базасында юрист;

1991-1992-жылдары “Эл жарчысы” гезитинин юридикалык бөлүмүндө кеңешчи;

1992-1998-жылдары "Субантегин" юридикалык фирмасында президент;

1998-жылы өкмөткө караштуу чакан жана орто ишкерликти колдоо мамлекеттик фондунда юрист;

1998-2008-жылдары “Жебе” юридикалык фирмасында президент;

2008-2010-жылдары “Алиби саясат” гезитинде башкы редактор;

2013-2014-жылдары Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Бабырбек Жээнбековдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shaa-82
2019-03-22 12:43:35
Жаткан жери жайлуу болсун, жаш экен эледа. Оору акыры алып тыныптырда. Сабыр берсин жакындарына!
+3
bazar
2019-03-22 13:02:45
ХХХХХ ооруган окшойт,... Ыйманы саламат болсун!
+4
admin_portal
2019-03-22 14:19:12
bazar, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
-1
admin_portal
2019-03-22 14:20:01
Mirlan27011987, далилсиз маалыматтарды жазууга, кимдир бирөөнүн адамдык аброюна шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
Kristianuronaldu
2019-03-22 23:35:41
Жаткан жери жайлу болсун а баласы равшан сен гейлерди колдоп журо бер кылбаган ишин ошол еле калды еле
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан