Нарын шаарынын РТС чөлкөмүндө жеңил унаа оодарылып кетип, 2 адам жабыркады. Мындай маалыматты Нарын облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
"Окуя 21-март түнү саат 22:30 чамасында РТС чөлкөмүндө орун алган. Анда Ниссан Икс-Трейл үлгүсүндөгү жеңил унааны айдап бараткан айдоочу катуу ылдамдык менен бара жатып, бурулуштан бурула албай оодарылып кеткен. Кырсыктан айдоочунун буту унаага кыпчылып, жанындагы жүргүнчү дагы жаракат алган. Окуя болгон жерге ЖКККБнын кызматкерлери, ӨКМнын куткаруучулары жана "Тез жардам" кызматы барып, жабыркагандар ооруканага жеткирилишкен. Алар экөө тең 1994-жылы туулган жарандар болушкан", - деди басма сөз кызматкери.
Унаа айып жайга токтотулуп, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.