Бүгүн, 22-мартта Бишкек шаарындагы Октябрь районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өрт чыкты. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
"Такталган маалымат боюнча, 4-кичи районунда жайгашкан №47 көп кабаттуу үйдүн 40-батиринин балконунан чыккан өрт саат 12:01де толук өчүрүлгөн. Өрт тууралуу маалымат куткаруу кызматына 11:26да келип түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылды, андан жабыр тарткандар жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.