Чүйдө айыл өкмөт башчысы 1 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

Чүй облусундагы Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткарып жаткан С.Д. 1 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалганын 22-мартта УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, 2007-жылы Кең-Булуң айыл өкмөтүнүн чечими менен Ж.К. аттуу жаранга турак үйлөрдү куруу үчүн 20 сотых жер участогу бекитилген. Бирок көрсөтүлгөн жер участогу жергиликтүү органдарына катталбай калган. С.Д. участокту алып башка адамдарга өткөрүп берем деп коркутуп 5 миң доллар талап кылган.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
adilbars
2019-03-22 16:09:04
Башыны жуткур!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан