Базар-Коргондо мектеп окуучусун дааратканада зордуктоого аракет кылган киши кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда мектеп окуучусун дааратканада зордуктоого аракет жасоого шектелип, жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 20-март күнү Базар-Коргон районунда болгон. Анда мектеп окуучусун көчөдө мас абалда жүргөн жаран дааратканага алып барып зордуктамакчы болгондо башка адамдар көрүп калып куткарып калышкан.

"Учурда шектүү кармалып, камакка алынды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "зордуктоого аракет кылган" деген факты менен иш козголду. Кармалган жаран 35 жашта жана ал үй-бүлөлүү, 4 кыздын атасы. Эч жерде иштебегени да аныкталган. Ал эми жабырлануучунун ата-энеси Орусияда иштейт. Кыз чоң ата, чоң апасынын колунда тарбияланып жүргөн", - деди басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aliya-leyla
2019-03-22 18:06:22
Ушундайларды окуп балдарым чонойгон сайын санааркай турган болдум. Адамдарга ынсап бер Аллахым
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан