Бишкекте мурда соттолгон адам унаа уурдап кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 11-январь күнү Бишкек шаарынын Ленин РИИБине шаардын жашоочусу 2003-жылы чыккан “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр айдап качканы тууралуу арызы менен кайрылган.
"Арызда белгисиз жаран үйдүн жанында турган унааны түн ичинде айдап кеткен. Ленин РИИБинин иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен шектүү катары мурда зордуктоо жана баңгизаттарга байланыштуу кылмыштар менен эки жолу соттолгон Нарын облусунун жашоочусун кармашкан. Ал унааны башка адамга 4 жарым миң долларга сатып жибергенге жетишкен. 30 жаштагы шектүү Р.А. аз убакыт ичинде ортомчулардын жана сатып алуучулардын жардамы менен жасалма документ жасап унааны сатып жибергени боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.