Өзгөндө 16 жаштагы кызга таякеси тарабынан ыплас аракеттер болуп жатканы айтылды

Ош облусунун Өзгөн районунда 16 жаштагы кызга таякеси тарабынан ыплас аракеттер болуп жатканын Москва шаарынан Бахтияр аттуу жаран милицияга кабарлаган. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 21-март күнү Өзгөн РИИБинин нѳѳмөт бөлүмүнө телефон аркылуу Орусия Федерациясынын Москва шаарынан кабар келген. Анда Өзгөн районунун тургуну 16 жаштагы А.Н. аттуу жаранды таякеси ошол эле айылдын жашоочусу 20 жаштагы С. К. уулу аны жыныстык катнашта болууга мажбурлаган деген мааниде маалымат берген.

"Кызга ыплас аракеттер жасалган же жасалбагандыгын тактоо максатында соттук-медициналык жана биологиялык экспертиза дайындалган. Алдын ала текшерүүдө кыз зордукталбаганы аныкталган. Милицияга кайрылган жаран кыз менен видео аркылуу сүйлөшүп жатканда, бир караан кирип кыздын телефонун колунан жулуп, андан соң өчүрүп салганын айткан. Мындан улам ал кызга зомбулук болуп жатат деп ойлогон. Учурда тийиштүү күбөлөр суралып, текшерүү иштери улантылууда", - деп билдирет басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
AzKumFerDan
2019-03-22 20:34:31
Эми жигитер мн суйлошпо десе керекда тунжарымда уктабай деп
+11
asdef
2019-03-23 04:35:44
Озун эмне 16 жаш кыз мн суйлошуп жатасын деген адам жок
+9
asdef
2019-03-23 04:36:30
Же ал кыз ким болот кабардаган адамга ?Агасыбы тагасыбы?
+1
Dembele84
2019-03-23 09:18:28
Жок жерден каматып жибере жаздаптыр да кок мээ,кызганып эле олуп атат да
+2
Kennedy
2019-03-23 11:59:13
Укук коргоо органдары деле негиздуу маалыматты караш керек да. Колунан телефон алып койгонду эле текшере берсе убакыт жетпейт.
0
Skarlett-Skarlett
2019-03-23 13:42:55
Озгондуктор кичине .отунорду кыскылачы.Жаман уят болуп жатабыз
0
raykray
2019-03-23 21:38:08
Озгондун кыздары орт, эркектери
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан