Мас абалындагы кесиптеши тарабынан сабалганын айткан жаран ишти караган тергөөчүнүн үстүнөн акыйкатчыга кайрылды

Мас абалындагы кесиптеши тарабынан сабалганын айткан жаран ишти караган тергөөчүнүн үстүнөн акыйкатчы Токон Мамытовго кайрылды. Мындай маалыматты Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой М.А. аттуу жаран жазган арызында 2018-жылдын башында "Аламүдүн" базарында коопсуздук кызматында иштеп, нөөмөттө турган кезде кесиптеши тарабынан сабалганын билдирген. Кесиптештери мас абалда болуп сабаганда анын баш мээси катуу чайкалып калган. Бирок бул кылмыш үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес.

"Арыз ээси Свердлов РИИБинин тергөөчүсү А.Осмоналиев ишти кароодо өз милдеттерине шалаакылык менен мамиле жасаган деп айтууда. 2018-жылдын 19-сентябрында М.А. кайрадан ошол РИИБиге кайрылып аны сабагандарга чара көрүүнү өтүнгөн. К.Иманалиев аттуу тергөөчү арыз ээсине келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин соттук-медициналык экспертиза боюнча республикалык борборунун өндүрүшүндө болгон. Бирок экспертизанын корутундусун күтпөй туруп тергөөчү А.Осмоналиев кылмыш ишин козгобоо токтомун кабыл алган.

Акыйкатчы тарабынан тийиштүү суроо-талап Свердлов райондук прокуратурасына жолдонуп, арыз көзөмөлгө алынган. Свердлов райондук прокуратурасынын текшерүүсүнүн натыйжасында тергөөчү А.Осмоналиевдин токтому четке кагылды. Андан кийин текшерүүнүн материалдары сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн райондук милициянын тергөө кызматына жөнөтүлгөн. Жогоруда көрүнүп тургандай, ишти кароодо тергөөчү тарабынан арыз ээсинин укуктары бузулган", - деп билдиришти институттан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
guard
2019-03-23 09:49:40
Жогоруда көрүнүп тургандай, ишти кароодо тергөөчү арыз ээсинин укуктары бузулган", - деп билдиришти институттан дейт, мындан эмне түшүнсө болот, арыз ээси тергөөчү болуп калабы...
0
Saliman
2019-03-23 15:57:21
guard,тергоочу тарабынан арыз ээсинин укуктары бузулган деп турат
0
guard
2019-03-23 20:48:46
Saliman, тергоочу тарабынан бузулганы тушунуктуу, бирок жазылып турган создун мааниси туура эмес болуп жатпайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан