Бишкектеги Панфилов сейил багында бир кыз аттракциондордун биринен түшүп кетип оор жаракат алды. Окуя 21-март күнү болгонун SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББиден тастыкташты.
Маалым болгондой, окуя болгон жерге келген "Тез жардам" кызматы кызды Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирген. Аталган оорукананын дарыгерлери кыздын баш мээси катуу чайкалып калганын аныкташкан. Учурда милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.