Кайнатасын өлтүрүп, өз кызын зордуктаган адам кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда мындан 6 жыл мурун болгон оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет. Киши өлтүрүү жана зордуктоо боюнча айыпталып, аталган райондун 53 жаштагы тургуну кармалды. Тергөө маалыматтарына таянсак, ал 2006-жылдын июль айында 75 жаштагы кайнатасы менен уруша кетип, муунтуп өлтүрүп койгон да, кылмышын жабуу максатында өлүктү Тентек-Сай дарыясынын жээгине көмүп койгон. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү күнөөсүн моюнга алып, кылмыш болгон жерди көрсөтүп берди. 75 жаштагы абышканын сөөгү 2006-жылдын күз айларында аймактын тургундары тарабынан табылып, бирок өлүк таанылгыс болуп бузулуп кеткендиктен, маркумдун өздүгү такталбай калган. Кийин белгилүү болгондой, бул окуядан соң кылмышка шектүү Орусияга кетип калып, ал жакта 3 жылдай жашап, 2010-жылы аялы каза болгондо кайтып келген. Бул жаран мындан сырткары да башка кылмышка шектелүүдө. 2011-жылдын октябрь айында ал өз үйүндө 19 жаштагы кызын зордуктап, андан кийин да зордуктоону улантып келген. Бул фактылар боюнча Базар-Коргон РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) жана 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
venchiko88
2012-10-29 11:57:38
адам кейпиндеги айбан экен го.
0
Tendik
2012-11-02 15:26:18
улуту кайсы экен
0
Atabaevtalantbek
2012-11-08 19:43:31
бычыш керек суканы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан