Футбол боюнча Азия Чемпиондугуна тандоо туру: Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курамы Сириядан жеңилди

Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курамасынын Азия Чемпиондугуна тандоо турунун алкагындагы алгачкы беттеши кечээ, 22-мартта орун алды. 23 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн курам Сирия өлкөсүнүн жаштар курамы менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калды.

Беттештин алгачкы бөлүгүндө сириялык футболчулар артыкчылык көрсөтүп, бир нече чабуул уюштурушту. Бирок Кутман Кадырбеков мыкты оюн көрсөтүп, 39-мүнөткө чейин өз дарбазасына топту жакындаткан жок. 40-мүнөттө орун алган атаандаштын чабуулу ийгиликтүү болуп, эсеп саны ачылды.

2-бөлүктө кыргыз футболчулары демилгени өз колуна алып, бир нече чабуул уюштурууга жетишти. Бир топ кооптуу абалды колдон чыгарган футболчулар оюндун аягына чейин эсеп санын теңей алышкан жок. Беттештин негизги убактысы 1:0 эсебинде жыйынтыкталып, кошумча убакытта сириялык футболчулар дагы бир гол киргизип кетишти. Жыйынтыгында 3 упайга ээ болгон Сириянын жаштар курамы тайпадан 1-орунга чыкты.

Азия Чемпиондугунун тандоо турунда Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курамы Иордания, Кувейт жана Сирия өлкөлөрү менен Е тайпасына туш келген. Кийинки беттеш 24-мартта Иорданияга каршы өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан