Күч колдонуп чет өлкөнүн жаранынын уюлдук телефонун тартып алган 4 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 19 жаштагы Пакистандын жараны милиция кызматына арыз менен кайрылып, уюлдук телефонун тартып алган адамдарга карата чара көрүүнү суранган.
"Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнө 12-мартта 14:15 чамасында Бишкектеги Эл аралык медициналык университетинин жанынан кебетеси азиялык болгон 4 адам күч колдонуу менен 13 миң 900 сомдук уюлдук телефонун тартып алганын айтып, Пакистандын жараны М.А. кайрылган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 20-март күнү кылмышка шектелип 19 жаштагы Н.Б., К.Б., К.А. аттуу Бишкектин тургундары жана Ч.А. аттуу Балыкчы шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.