Кытайда туристтер бара жаткан автобус күйүп кетип, 26 адам каза болду

Кытайда туристтер бара жаткан автобус күйүп кетип, 26 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, кырсык 22-мартта Хунань провинциясындагы Чанша трассасында орун алган.

Белгисиз себептерден улам автобустан өрт чыгып, 26 адам каза болсо 30 адам жаракат алган. Алардын бешөөсүнүн абалы өтө оор.

Автобуста 53 турист, 2 айдоочу жана 1 гид болгон. Жабыркагандар жакын аймактагы 3 ооруканага жеткирилген. Айдоочулар полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Туристтердин кайсы өлкөнүн жарандары экендиги тууралуу маалыматтар белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
defne15
2019-03-24 01:08:26
кытайлар азайыптырда
0
Jigitchem
2019-03-24 03:17:46
defne15,таба эмес тобоо де
0
Benazir08
2019-03-24 11:59:30
Кытайлар эмесэле туристер деп атат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан