Бишкекте Бабырбек Жээнбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү

Бүгүн, 23-мартта Экс-депутат Равшан Жээнбековдун атасы Бабырбек Жээнбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү.

Маркумдун Бишкектеги үйүндө өткөн коштошуу зыйнатына бир топ саясатчылар, коомдук ишмерлер жана бийлик өкүлдөрү катышты.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Бабырбек Жээнбеков 22-мартта 68 жашында узакка созулган оорудан улам каза болгон. Равшан Жээнбеков 2017-жылы декабрь айында Түркияда атасы Бабырбек Жээнбековго операция жасалганын социалдык түйүндөгү баракчасына жазган.

Бабырбек Жээнбеков 1951-жылы 1-сентябрда Талас облусунун Манас районуна караштуу Арал айылында туулган. Ал 1977-жылы СССР 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2019-03-23 18:32:52
Жаткан жери жайлуу болсун!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан