Кытайда химиялык заводдогу жарылуудан каза болгондордун саны 64 адамга жетти, 28 киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
"Кытайдын күн чыгыш тарабында жайгашкан Яньчэн шаарындагы химиялык заводдогу жарылуудан жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө. Жабыркагандардын саны 600дөн ашып, учурда 21 жабырлануучунун абалы өтө оор жана 73 адамдын абалы оор бойдон калууда. Заводдун аймагын тазалоо иштери кызуу жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин кооптуу аймактан 4 миңге жакын адам эвакуацияланганы айтылган. Кырсык болгон заводго экологиялык нормаларды бузгандыгы үчүн 6 жолу айып пул салынганын жергиликтүү басылмалар жазып чыккан. Учурда химиялык завод тиешелүү болгон компаниянын бир нече кызматкери камакка алынган.
Кырсык 22-мартта Хунань провинциясындагы Чанша трассасында орун алган.