Бүгүн, 25-мартта борбор калаада балдарына ВИЧ илдетин жугузуп алган ата-энелер арыз-дооматын айтып митингге чыгышты. Ага Ош шаарынан, Ноокат районунан келген энелер катышты. Көз жашын тыя албаган энелердин бири мамлекет тарабынан 4 миң сом жөлөк пулдан башка эч кандай колдоо болбогонуна нааразычылыгын айтты. Атын атагысы келбеген келин SUPER.KG порталына арыз-муңун айтып берди.
"Аты-жөнүмдү атагым келбейт, жүзүмдү да көрсөтпөйм, себеби эртең кайра эле ошол жашаган айылыма барам. Тиешелүү документтерге ылайык, балам бул ооруга 2008-жылы Ноокатта ооруканада жатканда чалдыккан. Баламды бакыртып ыйлатып, колунан кан алышчу, мени да ары-бери жөнөтүп анализ тапшыртышчу. Эмчегимдин үрпү жарылып, канап жатса дарыгерлер "эмиз балаңды" деп урушуп эмиздирчү эле. Ошондо мага да жуккан экен. Ооруканадан чыккандан бир айдан кийин эле балам кыйналып, тилдери оюлуп, дене табы көтөрүлүп кыйналып жүрдү. Ооруканада 1 айлап жатып, кайра үйдө 10 күн жатып, көчүп-конуп канча жүрдүк. Бул арада уулумдун дартын аныктай албай дарыгерлер канча жүрүштү. Көрсө, балама бул жаман дарт жугуп калган экен. Ушунча жылдан бери бул боюнча эч ким жоопкерчилик тарткан жок.
Мен сойку болбой туруп, баңги затын колдонбой эле бул ооруга чалдыкканыма өзөгүм өрттөнөт. Кайнене, кайнатамдын кызматын кылып, колумдан кетмен түшпөй талаада иштеп жүрүп көргөнүм ушул болду. Дарыгерлердин шалаакылыгы бүт өмүрүмө балта чапты. Күйөөм мени түшүнүп, колунан келишинче колдоду, бирок кайненем жемелеген канча күндөрдү башымдан кечирдим. Канча жылдан бери барбаган жерибиз, кайрылбаган адамыбыз калган жок. Балам чоңоюп келе жатат, эртең элдин сөзүнөн намыстанып асынып алса ким жооп берет?
Бул жерге чогулган аялдардын баарынын күйөөлөрү бул ооруга чалдыккан эмес, жалаң энелер жана балдарыбыз чалдыккан. Мунун айынан көпчүлүгүнүн үй-бүлөсү бузулду. Көйгөйгө батканыбыз аз келгенсип, "өлгөндү көмгөн" кылып бул ооруну көчөдөн жуктурган деген атка кондук. Эгер мен сойку же баңгизат колдонгон аял болсом күйөөм мени менен жашайт беле? Жашоомо нааразы болгондо, күйөөм менен бир балам таза, бул ооруга чалдыкпаганына ыраазы болуп кетем.
Бишкекте иттин укугу корголуп жатканда бизге ушундай мамиле болгону туурабы? Прокуратура текшереби же башкасыбы, туура жыйынтык чыгарышсын. Бизге да, балдарыбызга да ВИЧ вертикалдуу жол менен жуккан деген тыянак чыгарылган. Бирок бул туура эмес, илдет ийне же жыныстык жол аркылуу жуккан болушу керек болчу, андай болгондо балдарыбыз бир жарым жашында сойкуга барып жуктуруп алды дегенге барабар болуп жатпайбы. Көчөдөн жукту деп тыянак чыгаргандары туурабы? Жаш балдарды "жыныстык жол менен жукту" деп документтерди толтуруп, өздөрүнөн жоопкерчиликти алып жаткандар жоопко тартылсын. Азыр айылда дарыгерлерге барсаң колумду кармоодон жийиркенишет. Бизге ошол ооруну жугузуп жатканда эмнеге жийиркенишкен эмес эле?", - дейт ыйлаган эне.
Маалымат үчүн: ВИЧтин вертикалдуу жол менен жугушу - илдеттин энеден балага төрөт учурунда же кош бойлуу кезинде жугушу. Мындан тышкары эне баланы эмизип жаткан учурда да баласына оору жукса ВИЧ вертикалдуу жол менен жукту деп айтылат.