Футбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн жаштар курамасы Азия чемпиондугуна тандоо турунун алкагында Сириядан жана Иорданиядан жеңилүү ызасын тартып, мелдештин финалдык баскычына жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Курама команданын 26-мартта Кувейтке каршы өткөрө турган беттешинин жыйынтыгынан көз карандысыз 2020-жылы өтүүчү Азия чемпиондугуна кыргыз футболчулары катыша албайт. Буга байланыштуу өлкөнүн курамасы 2020-жылдын август айында Япониянын Токио шаарында өтүүчү олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүн да жоготту. Анткени 23 жашка чейинки футболчулар арасындагы Азия чемпиондугу олимпиада оюндарына тандоо туру болуп саналат.
Жайкы олимпиадалык оюндар 2020-жылы 24-июлдан 9-августка чейин өтөт. Футбол боюнча олимпиада медалдары үчүн 16 курама команда ат салышса, алардын үчөөсү Азия континентинин атынан катышат. ФИФАнын эрежелери боюнча олимпиадалык курама команданын катарында жашы 23төн жогорку оюнчулардын саны 3төн ашпашы керек.