Сахалинде Кыргыз жараны 5 кабаттуу үйдүн чатырынан кулап каза болду. Бул тууралуу Сахалин облустук тергөө комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 41 жаштагы жаран үйдүн чатырын оңдоп жатып кулап кеткен.
"Иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен аталган факт боюнча "этиятсыздыктан улам өлүмгө алып келүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда аталган кылмыш ичи боюнча тергөө уланып, окуянын бардык жагдайлары аныкталып жатат", - деп айтылат маалыматта.