Бишкекте үч машина сүзүшө кетти

Бүгүн, 25-мартта Бишкектеги Аалы Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде 3 машина сүзүшө кетти. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына караганда, кырсык Lexus RX450h, Mercedes-Benz жана Honda Civic унааларынын катышуусунда болгон.

Маалым болгондой, 3 унаанын тең айдоочусу материалдык чыгымга учураган. "Адам өмүрүнө зыян келген эмес. Унаа ээлери материалдык чыгымга учурап, учурда ким күнөөлүү экенин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен күнөөлүү айдоочуга чара көрүлөт", - деп кабарлашты башкармалыктан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2019-03-25 17:43:31
Жол талашкандыр да дагы опкосу жоктор !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан