“Газпром нефттин” нефти өндүрүмдөрүнүн сапатын сынаган борбордук лабораториясы ИСО/МЭК 17025:2005 эл аралык стандарт боюнча аккредитацияга ээ болду. Бул документ сапат менеджменттин глобалдык системасында жүргүзүлгөн сыноолорго жооп берерин тастыктап, сыноолордун жыйынтыгынын тактыгына кепилдик берип жана лабораториянын коммерциялык негизде экспертиза кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнө жол ачат.
Бүгүнкү күндө “Газпром нефть Азиянын” борбордук лабораториясы Кыргыз Республикасындагы 32,5 миллион сомдун айланасын түзгөн, сыналган заманбап жабдыктар менен жабдылган лаборатория. Бул жерде күйүүчү майдын 11 көрсөткүчү менен жана дизель майынын 8 параметри менен экспертиза жүргүзсө болот. Бардык иштер мамлекеттик стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын аймагында 2019-жылдын август айынан баштап күчүнө кирген Бажы биримдигинин ТР ТС 013/2011 техникалык регламенттерине ылайык ишке ашат. “Газпром Нефть Азиянын” лабораторияларынын алгачкы аккредитациялары 2012-жылдан 2016-жылга чейин жарамдуу болгон.
“Газпром нефть Азиянын” сапатты көзөмөлдөөсүнүн проактивдүү системасы
Майдын сапаты – керектөөчүлөр үчүн май куюучу жайды тандоододогу бирден бир маанилүү фактор болуп саналат. Ошондой эле “Газпром Нефть Азия” үчүн дагы талашсыз приоритет. Ошол себептен компанияда нефть өндүрүмдөрүн алып келүүдөгү бардык этапка үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүлүп турат.
“Газпром нефть Азиянын” сапатты проактивдүү көзөмөлдөөсүнүн уникалдуу системасы “Газпромнефть” май куюучу түйүндөрүндөгү продуктка аралашмалар кошулуп кетүүсүнөн кыска убакыттын ичинде коргоону шарттайт. Ошондой эле бул системанын чечүүчү ролу борбордук сыноо лабораториясына таандык “Газпром нефть Азиянын” таза нефти өндүрүмдөрүн сатуу системасындагы көз карандысыз арбитр болуп саналат.
Лабораториянын кызматкерлери нефтебазалардагы, май куюучу жайлардагы жана май ташуучу транспорттордогу күйүүчү майдын физико-химиялык параметрлерине ар дайым күтүүсүз текшерүүлөрдү жүргүзүп турушат. Мындай күтүүсүз текшерүүлөр 38 “Газпромнефть” май куюучу станцияларынын ар бирине милдеттүү көзөмөлдүн алкагында айына бир жолудан кем эмес жүргүзүлүп, нефть өндүрүмдөрүнүн сапатка жооп берери текшерилип турат.
“Газпром нефть Азиянын” сапат жана метрология башкармалыгынын башчысы Нарынбек Токталиев: “Бардык автоунаа ээлери жана компания үчүн дагы нефть өндүрүмдөрүн кардарларга сунуштоонун ар бир этабында сапат көзөмөлүн жүргүзүп, проактивдүү кадамды ишке ашыруу бардык тараптар үчүн мыкты чечим экенин башында эле түшүнгөнбүз. Муну менен биз Кыргыз Республикасы үчүн “Газпромнефть” май куюучу түйүндөрүндөгү нефти өндүрүмдөрүнө болгон сапаттык көзөмөл кылуу менен уникалдуу система киргиздик жана жыл сайын муну жакшыртып келе жатабыз. Борбордук лабораторияны жыл сайын жаңы техникалык жабдыктар менен камсыздап, орчундуу каражаттар менен инвестициялап келебиз. “Газпромнефть” май куюучу түйүндөрүндө жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана сыноолордун бардык жыйынтыктары автоматтык түрдө келип түшүүчү лабораториянын маалыматтык-башкаруу системасы киргенин да кошумчалай кетүү керек. Бул нерсе күйүүчү майдын сапатына терең анализ жүргүзүүгө жана кардарлардын суроо-талаптарына ыкчам түрдө жооп берүүгө шарт түзөт”.