Ошто жеке офиске кирип 4 жарым миллиондон ашык акчаны уурдаган шектүүлөр кармалды

Ош шаарында ири уурулук фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 7-мартынан 8-мартка караган түнү белгисиз жарандар Ош шаарынын Алай кѳчѳсүнүн аймагында жайгашкан жеке офистердин бирине уурулукка киришкен. Алар сейфте сакталган жалпы суммасы 4 миллион 706 миң сом акча каражатын уурдап кетишкен.

"Жүргүзүлгѳн иликтѳѳ иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары 15-март күнү Ош шаарындагы мечиттердин биринен чыгып бара жаткан 23 жаштагы К.М. жана 27 жаштагы А.А. аттуу жарандар кармалышкан. Алардын бири А.А. аталган компаниянын кызматкери болгон жана экинчиси мурда соттолгон. Бул уурулук ишин дагы ошол компаниянын кызматкери уюштурган. Кармалган жарандардын биринен 1 миллион 460 миң сом, экинчисинен 900 миң сом акча алынган. Калган акчаны жеке кызыкчылыгына иштетишкен жана кѳңүл ачууга жумшап үлгүрүшкѳн. Учурда кылмышка шектүү жарандардын үстүнѳн уурулук фактысы боюнча иликтѳѳ иштери жүрүп жатат. Ош шаардык соту аларды абакта 2 айга камоого санкция берди", - деп билдирет басма сөз катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
senchi
2019-03-25 23:17:44
Соз жок,акча жок эле акча жок дейсинер жеке офисте 4 миллиондон ашык акча кайдан келди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан