Буга чейин Токмок шаарынын 14 жаштагы Лейла Сусина аттуу жашоочусу бир аптадан бери дайынсыз болуп изделип жатканы кабарланган.
Бүгүн, 25-март күнү саат 15:30да ал кыз Бишкектеги жашы жете электерди адаптациялоо жана реабилитациялоо борборунан табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Токмок ШИИБинин кылмыш издөө бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалым болгондой, кыз атасы урушуп койгондон улам ага таарынып 17-март күнү эртең мененки саат 7:30да үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.