Бүгүн, 25-мартта Аламүдүн райондук сотунда адам өлүмүнө шектелген жаран сот залынан качып кеткени кабарланган. Чүй облустук сотунун басма сөз катчысы Байыш Байгазинов SUPER.KG'ге окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын айтымында, бул кылмыш иши боюнча жалпы 4 адам шектелип жатса, экөөнүн баш коргоо чарасы каралып, дагы экөө үйүндө болгон.
"Бүгүн оор кылмышка шектелип жаткан 2 жарандын баш коргоо чарасы каралмак. Бирок сот отуруму 8-апрелге жылып кетти. Буга жабырлануучу тараптын келбей калгандыгы себеп болгон. Ал эми шектүүлөрдүн бири сот залынан качып кетти деп таратылып жаткан маалымат чындыкка туура келбейт. Себеби буга чейин жалпы 4 адам шектүү катары каралып жатса, экөөнүн баш коргоо чарасы каралган эле. Дагы экөө бүгүнкү сот отурумуна чакыртылган. Бирок сот отурумга чейин эле экөөнүн баш коргоо чарасы өзгөртүлсүн деп токтом чыгарып, аны РИИБиге жиберген. Биз айтып жаткан ошол 2 адам сотко келгенде бирин конвойлор кармап, экинчисин таппай калышыптыр. Мүмкүн ал качпай эле байкабай үйүнө кетип калган", - деди Байгазинов.
Басма сөз катчы кылмыш иштин чоо-жайы боюнча колунда документтер жок болгондуктан, толук маалымат бере алган жок. Ал эми Чүй облустук соту да азырынча толук маалымат бере элек.