"Жебе" тобунун мурдагы солисти Самат кызынын жентек тоюн устукансыз өткөрдү

Бүгүн, 25-мартта Бишкектеги тойканалардын биринде "Жебе" тобунун мурдагы солисти, ырчы Самат Муратов экинчи кызы Аяга жентек той берүүдө. Ырчы 25 санын жакшы көргөндүктөн бүгүнкү күнгө тойду белгилеген.

Аталган тойдун өзгөчөлүгү болуп, ар бир келген конокко белек катары балдардын оюнчуктары таратылууда.

"Бул тойдо Мирбек Атабеков баштаган салтты улай бодо мал сойгон жокмун. Бул биринчиден, ысырапкорчулукту жоюу болуп саналса, экинчи жагы ушул нерсени башкалар да уласа дейт элем", - деди ырчы.

Муратовдун эки кызы бар, улуусу 3кө чыкса жентек тойдун ээси Ая 3 айлык.

Ырчынын тоюн куттуктап "Жебе" тобунун жетекчиси Кенже Дүйшеева жолдошу менен, Жебе тобунун жигиттери, ырчылар Данияр Эрматов, Бегимай Карабаева, Айганыш Абдиева жана башка чыгармачылыктагы достору келишкен.

Ырчы Самат Муратовдун кызынын жентек тоюнун видеосун SUPER TV`дан эртең, 26-мартта көрө аласыздар.

"Жебе" тобунан чыккан ырчы Самат устукансыз той берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
admin_portal
2019-03-26 13:41:19
Farra16gsin, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
0
raykray
2019-03-26 13:57:32
Эн соонун ушундай аш той майрамдар женилдесе экен! )
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан