Ырчы Нэна бүгүн, 25-мартта өзүнүн чыгармачылык кечесин Бишкектеги тойканалардын биринде өткөрдү. Кечени ырчы айым өзүнүн туулган күнүнө арнаган. Белгилей кетсек, ал бүгүн 30 жашка чыкты.
Кечеге Нэнанын сахналаш достору Анжелика, Каныкей, Замир Арыкбаев, Жийдеш, Съездбек Искеналиев жана ырчынын жакындары келди.
"Туулган күнүмдү чыгармачылыктагы жакшы адамдарым менен өткөрүүнү каалагам, мына эми өткөрүп жатам", - деди Нэна. Ал эми анын апасы кызынын туулган күнү менен куттуктап, "кызымдын тили 1 жашында чыгып, жада калса ажатканага барганда да ырдачу", - дейт ал.
Ырчы жандуу ырдап, кечесин шаңга бөлөп, келген коноктордун маанайын көтөрдү. Ал ар бир келген конокторуна ыраазычылык билдирип, ал ортодо апасына да арнап ыр ырдады.
Ошондой эле келген конокторго лотереялык билеттер ойнотулуп, ал жактан аты чыккан адамдарга ар кандай белектер таратылды.
Ырчынын кечесиндеги кызыктарды SUPER TV`дан эртең, 26-мартта көрө аласыздар.