Тиматинин бекер таратылган бургерине барган депутаттар жана экс-депутаттар сынга кабылды

25-мартта орусиялык рэпер Бишкекте фаст-фуд саткан ресторанын ачып, элге бекер бургер таратты. Ал жерге Жогорку Кеңештин депутаттары Иса Өмүркулов, Марлен Маматалиев, Талайбек Масабиров, экс-депутат Ахматбек Келдибеков, Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мурдагы башчысы Равшан Сабиров барган.

Учурда интернет колдонуучулар социалдык түйүндөрдө саясатчылардын бул аракетин сынга алышууда. Айрымдары "бул азыркы эл өкүлдөрүнүн чыныгы жүзү", "чоңдорубуз кыйналып калышыптыр" деген сөздөрүн жазышса, айрымдары "депутаттардын бул кылганы уят, эл менен жолугушуу күнүңөрдү ушинтип өткөрүп жатасыңарбы?" деген сын сөздөрүн жазышкан.

Бек Маматкарим уулу деген интернет колдонуучу болсо: "Мен сыйлап урматтаган адамдар кадыр-баркын кетирип бул жерде эмне кылып жүрүшөт? Кыргыз өлкөсүнүн кадырын кетирип жатышат. Бир өлкөнүн ырчысы кичинекей бир тамактанчу жай ачса биздин үлкөн саясатчыларыбыз ал жерде кадырын кетирип эмне кылып жүрүшөт?", - деп сындаган.

Жогорку Кеӊештин депутаттары 25-марттан 29-мартка чейинки аралыкта өлкө аймагындагы шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүшөт. Бул үчүн Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынган.

Тиматинин бекер бургерине барган миӊдеген элдин арасында саясатчылар да болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
barakcha
2019-03-26 09:25:04
Уяттары жок.Карыганда калжандашып..
+5
Tiken
2019-03-26 09:47:28
Барса эмне болуптур, карапайым калк жеген тамак-ашты булар деле жесин да. Тиматининин бургерине чакырса келбей койду дешсе анда да кеп кылсаксынар элден артык болушуп деп... Ачка калды дейсинерби булар жон гана чакырган жерге сый болуп келишти да!!! Бойроктон шыйрак чыгарышып адамдар укмуш тообо!!!
-10
elchi84
2019-03-26 10:10:08
Булар элдин акчасын жеп тойбогон бекер берген Тиматинин бургерине тоебу?
+8
Aikaaaa
2019-03-26 10:20:03
Блииин, уят, кантип барышты? Бекер болсоле бара беришеби?
+5
Abdizhapar
2019-03-26 10:51:09
Тимати кесип эле бербептир ушуларга
+8
semizkyz
2019-03-26 13:07:29
Бир чети суйундум кейпин коруп алып депутаттардын. Жудоп калышыптыр да.ырас болот. Ошону кормоксунор.
+1
Skarlett-Skarlett
2019-03-26 13:45:58
Барса эмне экен,Тиматини коргону барышса керек.Элим ий,ото ичи кара элбиз.Ото,ото.
0
abdraev
2019-03-26 13:59:20
Баткенде эл ыйлап сыздап атса ХХХХ журушот бекер тамак андышып ХХХХ
+7
Agayu
2019-03-26 15:30:07
Уят !Конгон адат калабы , уйга жугон салабы дегендей бекер нерсеге конуп калышкан да .Жэгенге жараша ишти да кылышса мейли дейсин.Азия Молду заманга жараша салып коюптур эле мактангансып сельфи кылып алыптырсынарго.
+3
eddi.
2019-03-26 16:07:50
Азыркы бийликтин министрин дагы,депутатын дагы,урдум дагы кол койдум,колунан(к)келбейт!
+2
semo
2019-03-26 16:21:46
Бекер жеп уйронуп калышкан да
0
_PeriWa_
2019-03-26 16:22:07
Че то Атамбаев корунбойт го
-1
tatyna.amanbekovna
2019-03-26 16:45:35
Барса барат да, силерден эмне Кетти? Карангы эл боло беребизда. Же ошол жерге дагы силерден сурап баруу керекпи? Депутат адам эмес Бекет?
0
tatyna.amanbekovna
2019-03-26 16:47:28
Элдин акчасын жеп деп тим эле, казынага салып койгон 100 сомун барбы? Единица салып алалычы жакшылап биринчи...
-1
Agayu
2019-03-26 18:03:34
tatyna.amanbekovna,Элге эч ким салбайт биринчиден.Элге деп Грант келет , Кредит берилет элдин эсебине деп.Эдинца салып эле жашап келтабыз , озубузго озубуз салбасак мамлекет салып берет дейсинби.Балким озун салбаган чыгарсын .Озундогуну башкага айтпа.Копчулук жэрде..
0
Benazir08
2019-03-26 17:04:03
Мумкун кызыгып жон эле барышкандыр. Бургерин жесе жешкендир анын эмнеси бар экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан