Ботсванада аялы менен урушуп кеткен учкуч учак менен үйүн сүзүп каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя Ботсвананын борбору Габоронеде орун алган. Анда аялы кош бойлуу болгондугунун урматына арналган кечеде күйөөсү менен аялынын ортосунда уруш чыккан.
"Мас абалдагы күйөөсү аялын жаакка чаап жибергенден кийин достору арачыга түшүп, аны сыртка чыгарып коюшкан. Буга ачууланган күйөөсү башка адамга таандык жеке учакты айдап качып, аялынан өч алмай болгон. Үйдүн ичинде отурган досуна чалып, аялы үйдүн кайсы бөлмөсүндө отурганын аныктаган соң учак менен үйдү сүзгөн. Натыйжада бир нече унаа жана үй толугу менен өрттөнүп кеткен. Үйдүн ичиндеги адамдардын баары кырсыкка чейин сыртка чыгууга жетишкен. Оор жаракаттардан улам аялына өчөшкөн жаран каза болуп калган", - деп айтылат маалыматта.