Подмосковьеде 7 жаштагы баланы 3 өспүрүм ооруканадан зордуктаган деген маалымат боюнча текшерүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 20-март күнү полицияга арыз менен 7 жаштагы баланын апасы кайрылган. Анда ал ооруканада жаткан баласын 3 өспүрүм зордуктап койгонун айтып, буга чара көрүүнү өтүнгөн.
"Арыз жазган аял баласы грыжа болуп ага операция жасалып, ооруканада жаткан учурда аны болжол менен 14-15 жаштагы үч бейтап 3 күн бою дааратканага алып кирип зордуктаганын билдирген. Ошондой эле аял уулуна коркутуулар болгонун да кошумчалаган. "Балам ооруканадан үйгө чыгарылгандан кийин түнт болуп, эч нерсе жебей, биз менен сүйлөшпөй калды. 3 күн өткөн соң ал бул тууралуу бизге айтып берди" деп билдирген полицияга жабырлануучунун апасы. Учурда бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.