Жол кырсыгынан каза болгон түркиялык кыргыз жоокеринин сөөгү жерге берилди. Коштошуу зыйнатына Түркиянын вице-президенти келди

Жол кырсыгынан каза болгон түркиялык кыргыз жоокеринин сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Түркиянын Ван аймагынын тургуну Мошал Гүвен билдирди.

Анын айтымында, 6 айдан бери аскердик кызматын өтөп жаткан Өмер Улутүрк 23-март күнү жол кырсыгынан каза болгон.

"Бир тууганыбыз Өмер Улутүрк менен коштошуу аземи кечээ, 25-мартта Йозгат шаарындагы Йенифакылы аймагында өттү. Аны акыркы сапарга узатуу үчүн Ван аймагынан 200, Анкаранын Чубук районунан 250, Стамбулдан 50 жана Малатя шаарынан 30 кыргыз боордошторубуз келди", - деди Гүвен.

Мындан сырткары Мошал Гүвен Улутүрктүн жаназасына Түркиянын вице-президенти Фуат Октай баш болгон бир топ аткаминерлер катышканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nur777
2019-03-26 12:53:57
Жаткан жери жайлуу болсун бирбоорубуздун..
+3
dobrajelatel
2019-03-26 18:09:26
Туркиялык кыргыз жоокер. Улуту турк турк жеринде окуя болсо. Кандай тиешеси бар кыргызга?
-2
Sonyasonya
2019-03-27 02:01:06
dobrajelatel,Туркиядагы этникалык кыргыз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан