Ошто милиция 2 кызын батирге кароосуз калтырып турмушка чыгып кеткен келинди издөөнү улантууда

Ош шаарында ижарага алып жашап жаткан батирге эки кичинекей кызын кароосуз калтырып турмушка чыгып кеткен келин 1,5 айдан ашык убакыттан бери алардан кабар алган жок. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта SUPER.KG'ге Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева билдирди.

"Өзүн кыздардын энесимин деп тааныштырган 31 жаштагы А.Н. аттуу келин 1-февраль күнү бизге келип жолугуп кеткен бойдон келген жок. Ал бүгүнкү күнгө чейин кыздарынан кабар ала элек. Биз ал келинди табуу үчүн милицияга кайрылганбыз, бирок андай аты-жөнү менен адам жок болуп чыкты. Учурда келинди издөө иштери улантылууда.

Комиссиянын чечимине ылайык, 2012-жылы туулган Мадина жана 2017-жылы туулган Мубина алты айлык убакытка Ош шаарындагы үй-бүлөлүк балдарды реабилитациялык-адистештирилген борборунда, биздин карамагыбызда болот. Келиндин кыздар тууралуу айткан маалыматтары такталган жок. 6 ай аралыгында кыздардын энеси келбесе кыздарга медициналык экспертиза дайындалып, болжолдуу жашы аныкталып аларга туулгандыгы тууралуу күбөлүк даярдалат. Андан соң асыроого берилет", - деди Раева.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Эки кичинекей кызы менен Ош шаарындагы Ѳзгѳн кѳчѳсүндөгү үйлөрдүн биринин бир бөлмөсүн ижарага алган келин бир күндѳн кийин кыздарын үйгө таштап кетип 10 күн дайынсыз болгон. Бул убакыт аралыгында батирдин ээси балдарга тамак-ашын берип, аларды караган. Кийин рейд учурунда кыздарды тиешелүү мекеменин кызматкерлери алып кеткен. 1-февраль күнү кыздардын энеси шаардын социалдык коргоо башкармалыгына барган. Анын ишин караган комиссия кыздарын кайтарып бербөө чечимин кабыл алган. Ошондой эле кыздардын энеси 6 ай бою алардан кабар албаса энелик укугунан ажыратыла турганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tyrgon
2019-03-26 17:25:20
Атан кору кызгыз энелер Эмне болду гей парадда жургон жокпу? Атасы кайда экен кыздардын? Балага жетпей зарлап жургондор канча аттин ай
0
JaneEr
2019-03-26 17:47:06
tyrgon,бул келин озбек болушу керек
+3
elchi84
2019-03-26 18:03:29
Коншу мамлекеттен издеш керек.
+3
Aikaaaa
2019-03-26 18:37:31
Күйөөгө тийип кетиптир делип атпады беле, ошоякта жүрөт да жаш келин болуп. Эми аяктан да төрөйт го
+4
taalai1008
2019-03-26 21:09:26
Алган күйөө өзү деле мээси ордунда эмес го бир байкуш Апенди болсо керек
+1
Alinur96kg
2019-03-26 21:12:03
Дагы коёндун суротун тартып кеттиби?
+1
Rifle_I
2019-03-27 00:32:43
Издебейле койгула. Бактылуу болуп жашап кетсин. Бул балдарды багып алам дегендер чекесинен чыгат кыргыздардан.
+1
raykray
2019-03-28 00:53:56
Байкуш кыздар(ушу сурот коз алдымдан кетпей журсо жанылап алдым. Дени сак чоноюшуп бактылуу болсундар! Бактылуу балалык корбогон сон((
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан