Бишкекте үлпөт тою өтүп жаткан ырчы Айдана Дека: "Жолдошум Авазга сюрприз даярдадым"

Ырчылар жана жаш жубайлар Аваз Акимов менен Айдана Деканын үйлөнүү үлпөт тою бүгүн Бишкек шаарында өтмөкчү. Учурда эки жаш достору менен сейилдөөдө жүрүшөт.
Алгач Ошто, эми Бишкекте үйлөнүү тоюн берип жаткан Аваз менен Айдана бүгүн досторунун курчоосунда заманбап тоюн жаштарга ылайыктап уюштурушкан.

Таттуу түгөйлөр алгач достору менен тойго ылайыкташкан автобуска отуруп сейилдөөгө чыгышты. "Тойдо жолдошум үчүн сюрприз даярдап жатам. Буюрса, кечинде ага күбө болосуздар", - дейт Айдана Дека.

14-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Аваз Акимов менен Айдана Деканын махабат майрамына карата концерти өткөн. Анда Аваз Акимов Айдана Деканын колун сураган. 10-март күнү Бишкектеги тойканалардын биринде Айдана Деканын кыз узатуу тою өткөн. 16-мартта түгөйлөрдүн алгачкы тою Ош шаарында өтүп, Аваз Акимовдун ордолуу Ошто жашаган туугандары эки жашка баталарын беришкен.

Автобустагы бий менен коштолгон сейилдөө. Аваз Акимов менен Айдана Деканын Бишкектеги үлпөт тою
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
Tyty1990
2019-03-27 01:06:00
Сюрприз деп туруп эки балам бар куттуктайм сразу ата болдуң келчи муйдусунан бир өөп койоюн десе керек.
0
Gema
2019-03-27 01:22:56
Озунчо эле асмандагы жылдызчалар... озулорун сезишип..
+4
Bobby1995
2019-03-27 01:26:54
Кокотайдын ашыда бул жакта калып кеттиго.Биринен бири отом деп той берип,тойдагы барган сайын кызыксыз болуп кетип атат а силер кандай ойлойсунар?
+3
adiaza
2019-03-27 02:33:38
Кечинде сюрприз даярдап койдум дегени жакшы экен, кичине уялса болмок ))))
+2
aminali
2019-03-27 03:03:31
Боорум эзилип калды, уктабай куткон элдер да бар экен 2:37 болду кабар жок деп))))))! Мисалы мен башкачаны элестеттим Авазга машыналарды сулуулагыч салон ачып берет деп!
0
Agayu
2019-03-27 05:46:57
Саламатсыздарбы ? Менин оюм боюча .биз бир бай мамлекетте жашаган калк эмесбиз, элдин тен жарымы мигрант , басымдуу болугу жаштар.Эми мындай той откоруунун не кажэити бар ? Бул нерсени коруп канча жаштар бузулат .Мен дагы ушундай той откорсомбу деп атаан талашат.Ортодо пикир ой келишпестик чыгат .Ата энелерин кыйнашат.Акча тапкан жаш балдар .Ата энеси эптеп макул болушат.Анан жашап кетпесе эмне кылышат.Той бутту акча кетти асманга .жэ келинден жок жэ акчадан жок болуп отуруп калышат го.
+5
Avrora2017
2019-03-27 07:04:27
Agayu,кошулам туура жогоруда жазып аткандарга чын эле обу жоктоно беришет мактанышып , элдин буйрусун кызытып , жыргап аткансып эл, утур точкасына айтып газет бетине чыгып тургандын кажети барбы эми мактанып кундо, обу жоктор орсок уй саашат анан
+3
Agayu
2019-03-27 05:54:35
Айтаарым менин ичим куйукпойт , тек гана жаштарды коомун бузушат мындай атан талашуу .Келгиле туугандар .Геп акчада эмес деп бактыбызды ойлойлуу .Мин эссе бай Арабдар да мынчалык денгеелде той кылышпайт.Алар керектуу нерселерге коз жугуртот.Корбогондун коргону курусун болбойлу.Ушул ырчыларга тенелбейли.Урмат Усенов ,Омар деле жашап жатышпайбы дунгуротпой эле.Мени жаман корбогуло , тек гана жаштардын ан сезимин бузулушун каалабайм.Аз аздан болсо да жаштардын ою ушундай корунуштон бузулат.Рахмат!!
+4
Eli.91
2019-03-27 08:37:01
Эх тууганым Авазды башкача бала элестеткен экемин.Корсо таптакыр адашыпмын.Аллахтын жараткан момун мусулмандары Аллахтын алдына барганда кан тип жооп бересинер?Корккулачы Аллахтан.Мынтип акчанарды онго солго чачканынарды токтотуп ата-эненерге сюрприз жасап ажыга жибербейсинерби!Адам баласы сооп иш кылуунуда билиш керек.Акыреттинерди ойлобойсунарбы мындан коро?Же болбосо ата-эненердин козу тируусундо ашын бербейсинерби?Козу тируусундо ашын бергендин сообу ото кучтуу.Акыл жок экен Аваз сендедагы.
+3
Eli.91
2019-03-27 08:49:28
Кимдир бироо бир сындырым нанга зар,аа кимдир бироого акча кар.Бул акчалар менде болгондо Апамды колум жеткен жергечейин алып барып даарылатмакмын.Азыр деле Аллахка шугур баары жакшы.Башыбызга келген сыноолорду сабырдуулук менен женебиз.Эх жараткан Аллах бул куноокор пенделеринди кечире кор.Буларгада акыл кирип калаар.Канчалаган бобоктор ушул акчанын жоктугунан бул дуйно менен кош айтышып жатат.Жоок дегенде акчанарды кайрымдуулука жумшасанарда Аллахым силердин тапканынарга береке берет.
+3
salon-1
2019-03-27 09:27:28
Оиии тим койгулачы эми, той да бир эле болот каалагандай откорсунчу.Балким оздорунун деле жардам беруу ниетм бардыр жетим жесирге.
-3
Bek1983kg
2019-03-27 10:16:56
Ким билет мумкун кредит алып откоруп жаткандыр.Биз ушул тажиктерге тен келе албайбыз,былтыр окудум окшойт кайсы ырчы кызы туулган кунун ресторанга откоргонун билип калышып, 500$ айып салышкан жана эскертуу берилген.Эгер экинчи жолу дагы кармалса кылмыш иши козголот. Жакшы мыйзамдарды киргизишти тажиктер.
+4
eddi.
2019-03-27 14:58:54
Телефондон колу бошобойт экен да,бул кыздардын
+1
Rusi79
2019-03-27 16:44:08
Айланайын Кокотойдун ашы го бу.Аваз баламы го тааныйм бу Деканар ким я ,кимден кызы?.Наркы ойуздогу Жамшитин эле кызына окшойт.неси болсо да бактылуу болгула чырактарым.
0
admin_portal
2019-03-27 16:50:16
fanatkg, этика нормаларын сактаңыз. БАН!
0
Alinur96kg
2019-03-27 17:03:45
Бишкектен ары Ысык Колго, Нарынга барып откоро келгиле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан