Кыргыз кызы Түркияда мурунку жигитинин өлүмүнө шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 21 жаштагы Г.М. аттуу кыз учурда Денизли шаарында абакта. Ал мурунку жигитин автоунаа менен сүзүп кеткен. Унаанын ичинде кыз азыркы жигити менен чогуу болгон. Кырсыкта кыздын мурунку жигити көз жумган. Учурда ага ден-соолукка атайын залака келтирүү айыбы тагылган.