"Ош базарынын" жанында мамы кулап түшкөнүнө байланыштуу троллейбустардын каттаган жолу өзгөрдү

Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" жанында мамы кулап түшкөнүнө байланыштуу № 2-10-14 троллейбустарынын каттаган жолу убактылуу өзгөрдү. Бул тууралуу шаар башкармалыгы маалымат таратты.

Чүй кең көчөсү менен Кулиев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан жарнамалык такта турган мамы маршруттук таксинин үстүнө кулап түшкөн. Буга байланыштуу жогоруда номерлери жазылган троллейбустар Дэн Сяопин көчөсүнөн Интергельпо көчөсүнө бурулуп, кийин Москва көчөсүнөн Бейшеналиева көчөсүнө чейин жүрүп, андан ары мурдагы маршрут менен жолун улантат.

Троллейбустар эски жол менен кырсык орун алган жерде иштер аягына чыккандан кийин каттай башташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан