Чүй облусунун Токмок шаарында дарыкананы тоноп кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 12-март күнү саат 21:30 чамасында Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө шаардагы дарыканалардын бирин белгисиз жаран коркутуу жолу менен тоноп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.
"Окуя катталган жерге ыкчам-тергөө тобу барып, кассадан 25 миң сом уурдалганын аныкташкан. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси "тоноо" боюнча иш козголуп, шектүүнү издөө иштери башталган. 26-мартта шектүү кармалган. Ал мурда соттолгон 33 жаштагы К.З. аттуу Нарын облусунун тургуну болгон. Ал учурда убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.