Аваз Акимов менен Айдана Деканын жаштарга арналган тою башталды. Эки жаштын расмий түрдө никеси катталды

Бүгүн, 26-март күнү Бишкектеги тойканалардын биринде ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека жаштарга арналган үйлөнүү тоюн өткөрүшүүдө. Тойдун басымдуу бөлүгүн кыргыз эстрадасынын жылдыздары ээлешти. "Ошто 500гө жакын элге той берип, бата алганбыз. Бишкектеги тойду жаштарга, досторубузга арнадык. Башында 200дөй конок чакырганбыз. Бирок таарынгандар чыгып, кошулуп отуруп 300гө жакын конок чакырылды", - дейт той ээси Аваз. Коноктордун көптүгүнө, көтөрүңкү маанайда жүргөндөрүнө караганда той бүгүн өзгөчө кызыктуу өтчүдөй. Ошондой эле эки жаштын эл алдында расмий түрдө никеси катталды.
Аваз Акимов менен Айдана Деканын Бишкектеги тою башталды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aza84
2019-03-26 21:13:39
Ушул кунго чейин анда эмне никесиз жашап келди беле кандай жийиркеничту.
-4
Nurik555
2019-03-26 21:39:34
aza84,расмий түрдө деп туратко. Молдо качан эле никесин кыйып койсо керек.
-1
Pchelka85
2019-03-26 21:41:34
aza84, "Расмий турдо" деп турат. ЗАГС дегенди билесизби? А мындай мечиттеги никеси давноо эле кыйылган. Видеолору журот го..
+1
Eka.kg
2019-03-26 21:49:58
Негизинен загс кызматкерлери тойканага барып нике кыйганга тыюу салынды эле же мен адаштымбы?
+4
Eka.kg
2019-03-27 01:45:31
Eka.kg,Тойканага барып куболук беруго (каттаганга) болбой эле. адашып жазып алыпмын
+6
BaihanUlanov
2019-03-26 22:31:24
ЗАГС кызматкери нике кыйбайт, ал жөн гана күбөлүк тапшырат экөөнүн баш кошкону чын деген, никени молдо кыят оо мээң менен.
+1
Ulik-real
2019-03-26 23:32:15
Бул эко жети областька тен той беребиз дегенго менимче
-1
bessmertiy
2019-03-27 02:03:08
Биринчи сүрөттө курсагы чыгып турабы
-1
Dembele84
2019-03-27 10:04:19
bessmertiy,ал Асель эжен болот,алар былтыр уйлонуп эми торойун деп жаткан кези)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан