ID-карта жана жалпы жарандык паспорт алуунун баалары өзгөртүлдү (тизме)

ID-карта жана жалпы жарандык паспорт алуунун баалары өзгөртүлдү. Бул тууралуу Мамлекттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Аталган мекеменин уюштуруу жана коммуникациялык иштер бөлүмүнүн адиси Дамира Азимбаева жаңы тарифте паспорт алуунун баалары жогорулап кетти деген маалымат чындыкка жатпай турганын, тескерисинче төмөндөгөнүн SUPER.KG'ге билдирди. Анын белгилешинче 2, 4, 8 күндө паспорт берүү арзандап, бир гана үч саатта паспорт берүүнүн баасы жогорулаган. Ошондой эле 2017-жылкы үлгүдөгү ID-картанын баасы буга чейин 290 сом деп белгиленсе, учурда 260 сом болду. Ал эми жалпы жарандык паспортту алмаштыруу баасы буга чейин 590 сом болсо, учурда 530 сомго төмөндөдү.

ID-карта паспортунyн баасы:

алмаштыруу - 260 сом;

алгачкы жолу алуу - 260 сом;

жоготуп же бузуп алуу - 260 сом;

аты-жөнүн өзгөртүү - 290 сом;

этникалык кыргыздар - 260 сом.

ID-карта паспортун алууну тездетүүнүн баасы:

8 күн - 1030-1060 сом;

4 күн - 1340-1370 сом;

2 күн - 1630-1660 сом;

3 саат - 4270-4300 сом.

Жалпы жарандык паспорттун баасы:

алмаштыруу - 530 сом;

алгачкы жолу алуу - 530 сом;

жоготуп же бузуп алуу - 730 сом;

аты-жөнүн өзгөртүү - 630 сом;

этникалык кыргыздарга - 530 сом.

Жалпы жарандык паспортту тез арада алуунун баасы

8 күн - 1970-2170 сом;

4 күн - 2250-2450 сом;

2 күн - 2580-2780 сом;

3 саат - 6190-6390 сом.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Mital.89
2019-03-26 21:57:42
Кыйраттынар бул закон каерде иштейт 3 саатта кайсыл жерден паспорт берет.
+5
Aytur
2019-03-26 22:36:04
Mital.89, Борбордо берет 3 саатта эле алганбыз.
+3
Rifle_I
2019-03-27 00:27:51
Mital.89,Бишкекте. Шарттары өзгөргөн. Очередь да тез эле келет.
+3
Povetkin
2019-03-26 22:42:45
Нормально Болот эгер ошол айтылган мооонотундо бутурсо
+1
Rifle_I
2019-03-27 00:28:25
Айдоочулук күбөлүктү да арзандатыш керек. Сапаты жагынан паспортко жетпейт, тез эле өчүп кетет.
+4
maralum93
2019-03-27 02:49:43
соонун
0
maratbek88.88
2019-03-27 08:17:48
Биометрический паспортко улуту денег жерди койгула кайра
+8
Asyl.jazi
2019-03-27 09:23:46
Менин жалпы жарандык паспортумдун мөөнөтү өтүп кетиптир, ал эсимден чыгып калыптыр, эми не кылам? Чет өлкөгө деле чыкпаймын.
0
murat17
2019-03-27 09:24:43
Улуту дегенди койуш керек и бул этникалык кыргыздарга кымбат эле кылыш керек болбосо озбекстандан Жана тажикстандан келген Аралаш этникалык Аралаш адамдар каптап Кетти озубуздун элге жумуш жок буларды киргизбей эле койсо болмок биздеги озбектер ошту талашып ХХХХ кылат булар дагы талашышсын жашаган жерлерин качып келбей
+6
vorkuta11
2019-03-27 11:18:18
Жарандык паспорт алышым керек эгер паспорт столдогу эжелер бул суммадан коп айтса кимге кайрылам телефон номери барбы фотого деп дагы алып жатышат ID карт жана загран паспорту 1350 деп айтып жатат карасу районунун паспорт стол Рахат атуу адис.
+3
Fedorov
2019-03-27 12:49:44
Башка улуттун өкүлдөрүнө сатпай бир гана Кыргыз Республикасынын жарандарына беришиңерди суранам.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан